Өзүн-өзү өлүмгө кыюу, өлүмдөн баш тартпоо, коркконду, сактанганды билбөө (көбүнчө бир нерсеге өтө нааразы болгон, же катуу кыйналган абалга карата). Азыр эле жандан аша кечип, заманасы куурулуп отурган Ыскак Аскардын бул жардамына түшүнбөдү (Исмаилов). - Сен жаныңдан аша кечкен эмесиңби? (Убукеев).
Өзүн-өзү өлүмгө кыюу, өлүмдөн баш тартпоо, коркконду, сактанганды билбөө (көбүнчө бир нерсеге өтө нааразы болгон, же катуу кыйналган абалга карата). Азыр эле жандан аша кечип, заманасы куурулуп отурган Ыскак Аскардын бул жардамына түшүнбөдү (Исмаилов). – Сен жаныңдан аша кечкен эмессиңби? (Убукеев). В.: Жандан кечүү. Эл үчүн жандан кечип, эл бактысын душмандын чеңгелинен алат тартып (Токомбаев). Өлүмгө өлүм менен жооп кайтарып, Эрк үчүн жандан кечти далай эрлер (Үмөталиев). Жанына тоюу. – «Суроо бербе» деп эскертпедимби. Же жаныңан тоюп турасыңбы? (Медетов).